KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин жалпы жамааты Бекеев Мирбек Кожокматович мезгилсиз дүйнө салгандыгына байланыштуу анын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат

01 июля 2024

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин борбордук аппаратынын жана облустук башкармалыктарынын жалпы жамааты, Кыргыз Республикасынын сот аткаруучулары жана сот приставдары Каракол шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу Бекеев Мирбек Кожокматович мезгилсиз дүйнө салгандыгына байланыштуу анын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтышат.


Бекеев Мирбек Кожокматович  1980-жылдын 11-декабрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Соколовка айылында туулган. 2009-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.


Эмгек жолун 2002-2005-жылдары  Чүй облусунун Аламүдүн райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүндө сот аткаруучу кызматында иштеп баштаган.


Андан соң, 2014-2021-жылдары Сот департаментинин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар кызмат блүмүндө сот аткаруучу кызматын аркалаган. 2021-2023-жылдары Нарын облусунун Кочкор районунун прокуратурасында прокурордун улук жардамчысы кызматында эмгектенген. 2023-жылдын 20-февралынан тартып 2024-жылдын 27-июнуна чейин Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына караштуу Каракол шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу кызматында  эмгектенип келген.


Мирбек Бекеев абдан сылык, кичи пейил, адамкерчилиги бийик, өз ишин мыкты билген кесипкөй кызматкер, мыкты жубай, камкор ата эле. Анын артында жубайы, 1 кызы, 3 уулу жана ата-энеси калды.


Мирбек Бекеевдин үй-бүлөсүнүн, туугандарынын жана жакындарынын орду толгус кайгысын тең бөлүшөбүз.