KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин жамааты жалпы шаардык ишембиликке чыгышты

06 апреля 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин борбордук аппаратынын жамааты жалпы шаардык ишембиликке катышты.


Сот департаментинин кызматкерлери Бишкек шаарынын Ленин районунун А.Чортеков көчөсүнүн аймагын, Д. Куюков көчөсүнөн Камбар-Ата көчөсүнө чейин тазалашып, таштандылардан жана куураган чөптөрдөн арылтып, ирээтке келтиришти. Аталган аймак Сот департаментине Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан тазалоо үчүн бекитилген.


Ушундай эле ишембилик Бишкек шаарынын Свердлов районунун сот аткаруучулар кызмат бөлүмүндө өткөрүлдү.Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери ишембиликтин алкагында административдик имараттын айланасын тазалашты.


Белгилей кетсек, аталган ишембиликтер социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, жашылдандыруу, шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын көрктөндүрүү максатында өткөрүлүп келет.