2024-жылдын 20-апрелинде Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты. Ишембиликтин алкагында бөлүнгөн жер тилкелери, мекеменин жанындагы аймагы жана арыктар тазаланып, теректер, тосмолор акталып, тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак рйондук сот аткаруучулар кызмат бөлумүнүн сот аткаруучулары ишембилик өткөрүшүп, Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүн, арыктарын таштандылардан тазалашып, бөлүнүп берилген жерлерде көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Иш чаралар калктуу конуштардын санитардык абалын, социалдык инфраструктурасын жакшыртуу жана жашылдандыруу максатында уюштурулууда.