KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Чүй облусунун сот приставдарынын курама командасы кичи-футбол боюнча мелдеште биринчи орунга ээ болду

04 июля 2024

Жалал-Абад облусунда республиканын сот приставдарынын арасында кичи-футбол боюнча турнир болуп өттү.


Иш чараны салтанаттуу түрдө Сот департаментинин директорунун орун басары Джылдыз Рыскулова ачты. Ал өз сөзүндө кызматкерлерди мындай спорттук иш чараларга активдүү катышууга чакырып, спорттук мелдештер сот приставдардын арасында ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө болоорун кошумчалады.


Турнирдин жыйынтыгы боюнча биринчи орунга Чүй облусунун сот приставдарынын курама командасы, экинчи орунга Ош облусунун сот приставдарынын курама командасы, ал эми үчүнчү орунга Нарын облусунун сот приставдарынын курама командасы ээ болушту.


Ошондой эле, “Мыкты дарбазачы” наамы Чүй облусунун СПКнын сот приставы Болот Жумабековго, “Мыкты оюнчу” наамы Ош облусунун СПКнын сот приставы Самаган Кадырбековго, ал эми “Мыкты чабуулчу” наамы Нарын облусунун СПКнын сот приставы Кенжебек Аскербековго ыйгарылды.


Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы Джылдыз Рыскулова салтанаттуу түрдө жеңүүчүлөргө кубокторду, медалдарды, дипломдорду жана баалуу белектерди тапшырды. Ошону менен бирге кызматкерлерди Юристтер күнү менен куттуктап, Сот департаментинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлады.


Калган командалар турнирге активдүү катышкандыгы үчүн дипломдор менен сыйланышты.


Белгилей кетсек, кичи футбол боюнча турнирлер сот приставдарынын дене тарбиясынын деңгээлин жогорулатуу жана сергек жашоо образын калыптандыруу максатында өткөрүлүп келет.