KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы төш белги менен сыйланды

04 апреля 2024

Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы Данияр Сейитказиевге Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги» төш белгисин тапшырды.


Ал жогорку кесипкөйлүгү, көп жылдык ак ниет эмгеги, кызматтык милдеттерин аткарууда демилгелүүлүгү жана активдүүлүгү үчүн сыйланды.


Иш чарага ошондой эле Сот департаментинин директорунун орун басары Джылдыз Рыскулова жана Ысык-Көл облусунун сот приставдары катышты.