KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин өзгөчөлөнгөн кызматкерлери сыйланды

16 сентября 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин конференц-залында салтанаттуу иш-чара болуп өттү.


Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Ардак грамотасы жана медалы менен сыйланган Сот департаментинин эл аралык кызматташтык жана гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы Айнура Аракеева менен бухгалтердик эсеп, отчеттуулук жана финансылык анализ бөлүмүнүн башкы адиси Токтосун кызы Гулсанатты куттуктап, мекеменин өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.


Жогорку кесипкөйлүгү, көп жылдык ак ниет эмгеги, кызматтык милдеттерин аткарууда демилгелүүлүгү жана активдүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдныча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги» төш белгиси менен төмөнкүлөр сыйланышты:



  1. Сот департаментинин соттук актыларды аткарууну камсыз кылуу башкармалыгынын Сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн ишин котнтролдоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Канатбек Осмонов;

  2. Бишкекшаарынын экономикалык иштер боюнча сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу Эрк Сарымсаков;

  3. Сотдепартаментинин соттук актыларды аткарууну камсыз кылуу башкармалыгынын Сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн ишин котнтролдоо боюнча бөлүмүнүн башкы адиси Индира Женалиева.


Ошондой эле ак ниет эмгеги жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдныча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Ардак грамоталары менен төмөнкүлөр сыйланышты:



  1. Сот департаментинин документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Айида Омуралиева ;

  2. Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгынын материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Назгул Айтикеева;

  3. Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгынын кадрдык камсыздоо секторунун башкы адиси Бекмамат Рахманкулов.