KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин облустук башкармалыктары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам колун сунушту

05 декабря 2022

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгынын эмгек жамааты тарабынан 3-декабрь Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата кайрымдуулук иш чарасы уюштурулду.


Облустук башкармалыктын башчысынын, сот аткаруучулар жана сот приставдарын  атынан атынан мекеменин кызматкерлери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды майрамдары менен куттуктап, үйлөрүнө азык түлүктөрдү жеткиришип, дары-дармек сатып алуу үчүн акчалай жардам көрсөтүштү.


Ошондой эле Ош облустук башкармалыгынын кызматкерлери  жогоруда аталган майрамга карата “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна” жардам колун сунушту.  Аларга профсоюздун каражатынын эсебинен материалдык жардам көрсөтүлдү.


Белгилей кетсек, Сот департаментинин облустук башкармалыктарынын кызматкерлери четте карап турбастан, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жыл сайын жардам берип келишет.