KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ош областтынын район-шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери жана ардагерлер арасында волейбол жана кичи-футбол боюнча таймаш болуп өттү

21 сентября 2021

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын демилгеси менен Ош областынын район-шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн арасындагы байланышты бекемдөө, ден-соолукту чындоо, спортту өнүктүрүү максатында Ош областтынын район-шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери жана ардагерлер арасында волейбол жана кичи-футбол боюнча таймаш болуп өттү.  Бул спорттук мелдеште жалпысынан 8 команда  ат салышты.


Волейбол оюну боюнча катуу таймаштын жыйынтыгында биринчиликти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын командасы багындырды, экинчи орунду Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн командасы ээледи, ал эми үчүнчү байгелүү орунга ардагерлер арасынан түзүлгөн Адилет  командасы ээ болду.


Ал эми , футбол боюнча биринчи орунду  Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучулар командасы багындырышса, экинчи орунду Ош шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучулары алышты. Ал эми үчүнчү орунга Ноокат райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн командасы татыктуу болду.


Жалпысынан  мелдешке 8 команда катышып, жеңүүчүлөр кубоктор жана дипломдор менен сыйланды, ошону менен бирге мелдештин “Мыкты оюнчусу” номинациясында оюнчулар аныкталып сыйлуу белектер тапшырылды.


Кийинки турнирди уюштуруу үчүн өтмө кубок Өзгөн райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.