KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ош облусунун Ноокат райондук Сот аткаруучулар кызмат бөлүмү кыймылсыз мүлктөргө ачык аукцион жарыялайт

27 февраля 2024

Ноокат райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмү, Сиздерге Ноокат райондук сотунун 2023-жылдын 06-декабрь күнүндөгү №ГД-1676/22-05 сандуу аткаруу документинин негизинде карызкорлор Ноокат районунун Тоолос айыл өкмөтүнүн Ай-Тамга айылынын Т.Тулкубаев көчөсүнүн тургуну 30.03.1970-жылы туулган Абдраимов Акылбек Туркубаевич, Ноокат районунун Тоолос айыл өкмөтүнүн Ай-Тамга айылынын тургуну 12.11.1971-жылы туулган Абдраимов Озурбек Туркубаевич жана Ноокат районунун Тоолос айыл аймагынын Ай-Тамга айылынын тургуну 31.01.1983-жылы туулган Заитов Кутманали Азизбердиевичтерден ортоктош түрдө өндүрүп алуучу «Айыл Банк» ААКнун пайдасына жалпы 2 259 659(эки миллион эки жүз элүү миң алты жүз элүү тогуз) сом 23 тыйын кредиттик карызы жана алдын ала төлөнгөн 57 993(элүү жети миң тогуз жүз токсон үч) сом  мамлекеттик алымды (жалпы өндүрүлүүчү акча каражаты 2 317 652(эки миллион үч жүз он жети миң алты жүз элүү эки) сом 41 тыйын өндүрүүнү карызкорлордун наамындагы күрөөгө коюлган:



  1. Карызкор Абдраимов Акылбек Туркбаевичке тиешелүү Ош облусунун Ноокат районунун Тоолос айыл өкмөтү, Ай-Тамга айылында жайгашкан идеентификациялык коду №5-05-13-1002-0195 саны менен каттоодон өткөн, жер аянты 2400,00 чарчы метр жер участкасында жайгашкан турак жайына бурулуп, кыймылсыз мүлктүн ачык аукциондогу баштапкы баасы 800 000(сегиз жүз миң) сом наркта,

  2. Карызкор Абдраимов Озурбек Туркубаевичке тиешелуу Ош облусунун Ноокат районунун Тоолос айыл өкмөтү, Ай-Тамга айылында жайгашкан идеентификациялык коду №5-05-13-1002-0162 саны менен каттоодон өткөн, жер аянты 3700,00 чарчы метр жер участкасында жайгашкан турак жайына бурулуп, кыймылсыз мүлктүн ачык аукциондогу баштапкы баасы 1 090 000(бир миллион токсон миң) сом наркта,

  3. Карызкор Заитов Кутманали Азизбердиевичке тиешелүү Ош облусунун Ноокат районунун Тоолос айыл окмоту, Ай-Тамга айылында жайгашкан идеентификациялык коду №5-05-13-1002-0164 саны менен каттоодон өткөн, жер аянты 2100,00 чарчы метр жер участкасында жайгашкан турак жайына бурулуп, кыймылсыз мүлктүн ачык аукциондогу баштапкы баасы 1 506 000(бир миллион беш жүз алты миң) сом наркта эл алдында ачык соода сатыкка коюлат.


Аукцион  2-апрель 2024-жылы саат 14:00 до мүлк  жайгашкан  даректерде өткөрүлөт.


Сатыкка катышуу үчүн баштапкы баасы 5% өлчөмдө алдын ала төлөө менен калган сумманы  7  күндүк  моонот  ичинде  төлөп  берүүсү  зарыл.


5% толонуучу эсеп.


Ноокат  райондук  САКБнын  эсеби.  РСК  Банк ААКнын Ноокаттагы өкүлчүлүгү.


Р.счет 4407092100000157


БИК 440001


Толоо коду 14511900


ИИН 001011995510034


 


Байланыш тел. 0555 107 762