KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ош облусунун Ош шаардык Сот аткаруучулар кызмат бөлүмү кыймылсыз мүлккө экинчи ирет ачык аукцион жарыялайт

17 апреля 2024

Ош облусунун Ош шаардык соту тарабынан 16.12.2022-жылы берилген №СГ-511/22-06 сандуу аткаруу барагынын негизинде карызкор 01.11.1948-жылы туулган Маманова Санталатка таандык Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүнүн №8 г дарегиндеги, коду: (5110601610222); жалпы пайдалануу аянты 526,5 кв.м, соттун чечиминде көрсөтүлгөн баштапкы баасы 59 135 446.86 (элүү тогуз миллион бир жүз отуз беш миң төрт жүз кырк алты) сом наркты түзгөн кыймылсыз мүлк экинчи ирээт ачык аукционго коюлат.


Аукцион 2024-жылдын 20-майында саат 11:00до мүлк жайгашкан жерде өткөрүлөт.


Аукционго катышууну каалаган адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү.


Аукционго катышууга арыз берүүгө жана аукционго алардын катышуусуна тоскоолдуктар жогу жөнүндө тил кат берүүгө.


Аукционго катышуучу мүлктүн баштапкы наркынын 5 пайызы өлчөмүндө Ош шаардык САКБнүн депозиттик эсебине шертпул төлөөгө милдеттүү.


Сот аткаруучунун аукционго катышууга арыздарды кабыл алуусу аукцион башталганга чейин бир күн калганда токтотулат.


Сатып алуучу протоколго кол койгондон кийин жети күндөн кечиктирбестен аукциондун башталышынын алдында тологон шертпулдун суммасын кошуу менен мүлктүн сатып алынган наркын толук төлөөгө милдеттүү.


Сурап билүү үчүн Ош шаардык САКБнө (дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү, №318, 3-каб.) кайрылсаңыздар болот.


Аукциондун уюштуруучусу Ош шаардык САКБнүн сот аткаруучусу Закиров А.Т.


Байланыш тел.: (03222) 7-01-51 жана 555 151 020.