KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Каракол шаардык  сот аткаруучулар кызмат бөлүмү кыймылсыз мүлккө ачык соода-сатык жарыялайт

22 апреля 2024

Каракол шаардык  сот аткаруучулар кызмат бөлүмү тарабынан 25.09.2020-жылы 59-5714 сандуу сатуу-сатып алуу келишимдиндин негизинде Намазбеков Бакыт Токторбековичке тиешелүү идентификациалык коду 2-01-03-0021-0004-01-075 Ысык-Көл облусуна караштуу, Каракол шаарынын, Туманова көчөсү №76-үйү, №75-батирин, ачык соода-сатыкка койот.


Батирдин жалпы пайдалануу аянты 69,1 кв.м, турак аянты 42,3 кв.м.


Батирдин баштапкы (старттык) баасы 1 132 237 (бир миллион бир жүз отуз эки миң эки жүз отуз жети) сом.


Ачык соода-сатык 2024-жылдын 31-майында саат 10:00 до мүлк жайгашкан даректе, Каракол шаарынын, Туманова көчөсү №76-үйү, №75-батиринде жүргүзүлөт.


Сатыкка катышууну каалагандар сатык боло турган күндөн бир күн калганга чейин мүлктүн баштапкы баасынын 5 пайызын Каракол шаардык САКБнүн депозиттик эсебине кепилдик төлөм катары төлөп берүү менен сатыкка катыша алат. Соода-сатыкта утуп алган адамдын төккөн кепилдик суммасы сатып алуу баасына кошулат. Соода-сатыкта жеңилген катышуучуларына алдын ала төлөнгөн кепилдик суммалары соода-сатык аяктагандан кийин үч күндүн ичинде кайтарылып берилерин түшүндүрөт.


Соода-сатыкта уткан адам жети күндүн ичинде соода-сатыктын алдында төккөн сумманы кошо эсептөө менен мүлктүн сатып алынган суммасын толугу менен төлөп берүүгө милдеттүү.


Каракол шаардык  сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн депозиттик эсеби: Каракольский РОК  Каракольский филиал ОАО РСК Банк, город Каракол, р/ч 4404072100000341, БИК440001,  ИНН 01404199510285,  Код платежа14511900,  Назначение: соода сатыкка катышуу үчүн.


Аукциондун уюштуруучусу Каракол шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу М. Бекеев.


Байланыш телефондору: (03922)  5-58-12, 5-57-74, 0-708-17-71-30, дареги: Каракол шаары, Тыныстанова көчөсү 15.