2024-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгында облустун сот аткаруучуларынын 2024-жылдын 1-кварталындагы ишмердүүлүгү жыйынтыкталды.
Кеңешмеге Сот департаментинин Ош облустук башкармалыктын башчысы Динислам Кожоакматов, облустук башкармалыктын бөлүм башчылары, облустун жалпы сот аткаруучулары катышышты.
Жыйында 1-кварталда аткарылган иштердин негизги көрсөткүчтөрү, натыйжалары жана башка мамлекеттик органдардын актыларын оз убагында аткаруу маселелери талкууланды. Динислам Кожоакматов сот аткаруучулардан аткаруу өндүрүштөрүнүн саппаттык көрсөткүчтөрүн жогорулатууну талап кылды.