KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиевдин Энелер күнүнө карата куттуктоо сөзү

15 мая 2022

Кымбатуу  энелер!


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди эң мыкты майрам – Энелер күнү менен куттуктайм.


Бүгүн өзгөчө майрам. Бул күнү бизге өмүр берген энелерге болгон урмат-сыйыбызды дагы бир жолу көрсөтөбүз. Биз алардын энелик эркине жана чексиз чыдамдуулугуна таазим кылабыз.


«Жер жүзүндөгү эң сонун ыйык сөз — апа. Дүйнөдө апага караганда жакыныраак жана кымбат адам жок. Эне болуу — бул зор бакыт жана чоң жоопкерчилик. Дал ушул эненин сүтү менен биз өз мекенибизге болгон сүйүүнү, үй-бүлөлүк, маданий каада-салттарды, муундан муунга өткөрүп берген руханий баалуулуктарды сиңиребиз. Биздин элибиз кылымдар бою эненин ыйык образын урматтап, аны сүйүп жана камкордук менен курчап келген. Ар бир коомдун жана мамлекеттин гумандуулугунун жана адилеттүүлүгүнүн ченеми биринчи кезекте аялга болгон мамиле жана көңүл буруу менен байланыштуу».


Кылымдар бою айтылып келген «Бейиш энелердин таман алдында» деген сөз эненин үй-бүлөдөгү жана коомдогу жогорку ролун, анын ар бирибиз үчүн өзгөчө мазмунун жана маанилүүлүгүн тааныгандыгын көрсөтүп турат.


Биз энелерибизге суктануудан талыкпайбыз. Сиздер дүйнөнү сулуулукка, мээримдүүлуккө жана кайрымдуулукка толтурасыздар, кыйын учурларда көрүнбөгөн кайратмандыкты, туруктуулукту, чыдамдуулукту жана акылмандыкты көрсөтөсүздөр, балдарыңыздарды жашоодогу көйгөйлөрдөн жана кыйынчылыктардан коргойсуздар.


Эненин күчү жана табышмактуу касиети  – жашоодогу көйгөйлөргө жана кыйынчылыктарга туруштук берүү, үй-бүлөлүк очокту сактоо, ошону менен бирге  укмуштуудай чеберчилик менен өзгөчө сезимталдыгын, назиктигин жана сулуугун жоготпой, сактап келгендигинде. Сиздер бизге жашообуздагы эң таасирдүү учурларды бересиздер, суктандырасыздар, иш-аракеттерге шыктандырасыздар.


Жакындарыңыздардын сүйүүсү, ыраазычылыгы жана камкордугу менен толтурулган майрамдын сыйкырдуу атмосферасы сиздерди иш күндөрү да курчап турсун. Урматтуу Энелер, сиздерге сүйүү, ден-соолук, бакубатчылык, жан дүйнө гармониясын жана жазгы маанай каалайбыз! Жашооңуздарда ар дайым ачык асман, жаркын күндөр жана жылмаюулар көп болсун!


 


Урматтоо менен, 


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу


Сот департаментинин директору


Урмат Кожомбердиев