KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Баткен облусунун тургундарына жардам катары сот тутумунун кызматкерлери бир күндүк эмгек маяналарын которот

17 сентября 2022

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жабыр тарткан Баткен облусунун тургундарына жардам катары сот тутумунун кызматкерлери бир күндүк эмгек маяналарын которот.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков сот тутумунун жана жеке өзүнүн атынан каргашалуу окуяларда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.


«Сот тутуму кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылыштан каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.


Ошол эле учурда чек арадагы кырдаалдын тез арада тынчтык жолу менен жөнгө салынышына ишеним билдиребиз», — деди төрага.