KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун чечими ыктыярдуу түрдө аткарылды

19 июля 2024

2024-жылдын 17-июлунда, Чүй облусунун Аламүдүн райондук Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучулары Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун О.Ш.К. бирге жашаган бардык үй-бүлө мүчөлөрү менен башка турак жай аянтын бербестен дареги: Чүй облусу, Аламүдүн району, Кой-Таш айылындагы үйдөн чыгаруу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген чечимин аткарууга тийиш эле.


Бирок аткаруу документин мажбурлап аткаруунун жүрүшүндө үйдү өз мүлкүнөн ыктыярдуу түрдө бошотору жөнүндө жазуу жүзүндө арыз келип түшкөн.


Ошентип, Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими ыктыярдуу аткарылды.


Кыргыз Республикасынын «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Мыйзамынын 12-беренесине ылайык соттун чечимин аткарууга көмөк көрсөтүү алкагында КР ИИМинин жана КР ӨКМдин кызматкерлери атайын техникасы менен тартылган.