Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот акаруучулары тарабынан Кызыл-Кыя шаардык сотунун 2022-жылдын 19-августундагы аткаруу барагынын негизинде карызкор М.А. ны үй-бүлө мүчөлөрү менен башка турак жай бербестен чыгаруу жөнүндөгү чечими мажбурлап аткарылды.
Аталган аткаруу өндүрүшү Кызыл-Кыя шаардык САКБнө 2022-жылдын 29-августунда келип түшкөн.
Аткаруу документин 10 жумушчу күндүн ичинде ыктыярдуу аткаруу сунушу карызкор М.А. га берилген, бирок карызкор тарабынан аткаруу документинин талаптарын аткаруу боюнча эч кандай чара көрүлгөн эмес.
Жыйынтыгында 2022-жылдын 27-октябрында турак-жайдан мажбурлап чыгаруу жөнүндө токтом чыгарылып, күбө калыстардын катышуусунда акт түзүлүп, карызкор М.А. үй-бүлө мүчөлөрү менен турак жайдан чыгарылды.