Нарын облусунун Нарын шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу тарабынан Нарын шаардык сотунун карызкор Ж.Н. Нарын шаарында жайгашкан турак үйдөн чыгаруу жөнүндөгү 2024-жылдын 31-июлдагы чечими мажбурлоо жолу менен аткарылды.
Сот аткаруучу тарабынан карызкорго ыктыярдуу аткаруу боюнча сунуш тапшырылып, КР мыйзамдарына ылайык тараптарга укук жана милдеттери түшүндүрүлгөн.
Карызкор тарабынан соттун чечимин ыктыярдуу аткаруу аракеттери көрүлбөгөндүгүнө байланыштуу соттун чечимин мажбурлап аткаруу 2024-жылдын 10-октябрына дайындалган.
Жыйынтыгында, белгиленген күнү Нарын шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучулары тарабынан карызкор турак жайдан мажбурлап чыгарылып, турак жай өндүрүп алуучуга актынын негизинде өткөрүлүп берилди.