KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Жумгал райондук сотунун турак жайдан чыгаруу жөнүндө чечими мажбур иретинде аткарылды

26 июля 2024

Нарын облусунун Жумгал райондук Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучулары тарабынан Жумгал райондук сотунун 2023-жылдын 24-февралындагы аткаруу барагынын негизинде карызкорлорду мажбурлоо жолу менен турак жайдан   чыгарылды.


Сот аткаруучу тарабынан карызкорлорго сот актысын ыктыярдуу аткаруу туурасында сунуш жиберилип, эскертүүлөр бир нече ирет берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө кесепеттери жөнүндө кабардар болушкан.


Карызкорлор тарабынан турак жай бошотулбагандыктан соттун актысын аткаруу  мажбурлоо жолу менен жүргүзүлдү.


Аткаруу иштеринин жыйынтыгында күбө-калыстардын, сот приставдардын катышуусунда  карызкор үй-бүлө мүчөлөрү менен Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы турак жайынан чыгарылып, акт түзүлдү.