KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин жетекчилиги Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлү менен жолугушту

09 апреля 2024

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басарлары Кубат Черикчиев жана Джылдыз Рыскулова Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Операцияларды баалоо департаментинде баалоонун жетекчиси Карин Беккер менен жолугушушту. Ал Кыргыз Республикасындагы баалоо миссиясын жетектейт.


Тараптар соттук чечимдерди аткаруу жаатында берилген техникалык жардамдарды, сот тутумун санариптештирүүдөгү натыйжаларды жана көйгөйлөрдү талкуулашты.


Жолугушуунун жүрүшүндө Сот департаментине караштуу «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана ишке киргизүү бөлүмүнүн аналитиги Алан Октябрь «Аткаруу өндүрүшү» Автоматташтырылган маалыматтык тутуму тууралуу презентация көргөзүп, тиешелүү суроолорго жооп берди.


Иш чарага Сот департаментинин эл аралык кызматташтык жана гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы Айнура Аракеева,  Сот департаментинин Сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн ишин контролдоо бөлүмүнүн башчысы Канатбек Осмонов, Сот департаментине караштуу «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана ишке киргизүү бөлүмүнүн башчысы Алисбек Ибраимов жана башка кызматкерлер катышышты.