Сот аткаруучулар тарабынан 2022-жылдын январь айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин өлкөдөн чыгууга убактылуу чектөө коюу жана алып салуу боюнча жалпысынан 27850 токтом чыгарылган.
Сот аткаруучулар тарабынан соттун чечимдерин жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын актыларын мажбурлап аткарууда карызкорлордун кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн камакка алуу жөнүндө, өлкөдөн чыгууга чектөө коюуга, эгер банк эсептери бар болсо, аны жаап салууга, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жоопкерчиликке тартылат. Мындай чектөөлөрдү киргизүү же алып салуу сот аткаруучунун токтомунун негизинде гана жүзөгө ашырылат.
2021-жылдан тартып, Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү укугу убактылуу чектелген адамдарга карата сот аткаруучулардын токтомдору боюнча борборлоштурулган маалыматты иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасындагы тышкы миграцияны бирдиктүү каттоо тутумунун маалымат базасына киргизүү Сот департаментинин борбордук аппараты тарабынан жүргүзүлүп келет. Ал үчүн департаментте Сот актыларын аткаруу боюнча башкармалыгынын алдында атайын бөлүм түзүлгөн. Эскерте кетсек, буга чейин жогоруда аталган функцияны Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чек ара кызматы аткарып келген.