KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин жетекчилиги Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлү менен жолугушту

15 июля 2024

Сот департаментинин конференц-залында Сот департаментинин директорунун орун басары Кубат Черикчиев жана Сот департаментинин башка жооптуу кызматкерлери Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Светлин Сергеенков менен жолугушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын 2007-жылдагы балдарга алимент өндүрүү жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө Гаага Конвенциясына кошулуусун талкуулашты жана ошону менен бирге Кыргыз Республикасында Конвенцияны ишке ашыруунун тартибине тиешелүү маселелер талкууланды.


Ошондой эле тараптар өз ара аракеттенүү үчүн мүмкүн болгон багыттар тууралуу маселелерди талкуулашты жана мындан аркы жемиштүү кызматташууга даяр экендиктерин ырасташты.


Иш-чарага ошондой эле Сот департаментинин эл аралык кызматташтык жана гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы Айнура Аракеева, Сот департаментинин сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн ишин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Канатбек Осмонов, Сот департаментинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Сулайман Мыкыев катышышты.


Эскерте кетсек, 2007-жылдын 23-ноябрында (Гаага ш.) «Балдарга алимент өндүрүү жана үй-бүлөнү багуунун башка формаларынын эл аралык тартиби жөнүндө» Конвенция Кыргыз Республикасы үчүн 2024-жылдын 1-ноябрынан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.