KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кара-Көл шаардык сотунун имаратынын ачылышы болуп өттү

22 апреля 2024

2024-жылдын 20-апрелинде  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун катышуусунда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.


Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Шералы Камчыбеков, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Токтосун уулу Каныбек, облустук соттордун төрагалары,  аймактагы  жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялар, Сот департаментинин кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышышты.


Замирбек Базарбеков өз сөзүндө бир гана Кара-Көл шаары үчүн эмес, бүтүндөй сот тутуму үчүн маанилүү күн болуп жаткандыгын белгиледи.  Анткени, Кара-Көл шаардык сотунун жамааты  аянты кенен,  ыңгайлуу жерде жайгашкан башка имаратка көчүп киришти.


Белгилүү болгондой мындан эки жыл мурда Кара-Көл шаардык сотуна иш сапар менен атайын келип, судьялар менен аппарат кызматкерлеринин иш бөлмөлөрүн, сот залдарынын жана архив сактала турган жайлардын кейиштүү абалын көрүп кеткем.


Кара-Көл шаардык соту өз балансында имараты жоктугунан эски бала бакчанын бир бурчунда жайгашып келишкен. Имараттын ички абалы өтө оор, зээн кейитерлик акыбалда болчу.


Имарат сот кызматкерлери үчүн талаптарга жооп бербей тургандыгын, чатырынын ар кайсы жеринен аккан суу сарыгып, бөлмөлөрүнүн шыбактары түшүп, жаан жаап бүткөндөн кийин дубалдары көгөрүп, ным жыттанып, ыңгайсыздыкты жаратып келген.


Атүгүл шыптардан суулар агып, сот залдарынын  төбөсү түшүп калуу коркунучунда турган.


Акыбалды көрүп, дароо Кара-Көл шаарынын мэри Талайбек Конкобаевди чакырып, аталган шаардык соттун кызматкерлери начар абалдагы имаратта иштеп жаткандыгын көрсөтүп, шаардын мэрине тез арада тийиштүү имарат караштырып берүүсүн айткам.


Кара-Көл шаарынын мэри тарабынан Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты сунушталып, аталган имарат Сот департаментинин Жалал-Абад областтык башкармалыгына Кара-Көл шаардык мэриясы жана Кара-Көл шаардык Кеңешинин депутаттары тарабынан 2022-жылдын 24-октябрында өткөрүлүп берилген”, — деп билдирди Замирбек Базарбеков.


Белгилей кетсек, аталган 1980-жылы курулган административдик имаратты оңдоп-түзөө иштерине 17 миллион сомдон ашык каражат жумшалган.


Эки кабаттуу имаратта эми  2 судья, 7 аппарат кызматкери, 6 техникалык жана кенже тейлөө персоналдары эмгектенишмекчи.


Жакынкы арада Алай райондук сотунун ачылышы күтүлүп жатат. Ал эми Кара-Суу райондук соту менен Таш-Көмүр шаардык сотторунун курулуш иштери башталып, дубалдары көтөрүлүп жатат.


Мамлекет башчысынын колдоосу менен  жеткиликтүү жана ачык сот тартибин бекемдөө багытына ар тараптан колдоо көрсөтүлүп, соттордун натыйжалуу иштешине ыңгайлуу шарттар түзүлүп жаткандыгын Замирбек Базарбеков кошумчалады.