KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин Нарын, Ысык-Көл жана Ош облустук башкармалыктарынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты

08 апреля 2024

2024-жылдын 6-апрелинде  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгында ишембилик өткөрүлдү.


Кызматкерлер тарабынан административдик имараттын айланасы,  арыктар таштандылардан тазаланды.


Ошондой эле Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жамааты жалпы шаардык ишембиликке катышты.


Сот департаментинин кызматкерлери Каракол шаарынын «Восход» кичи районунун жаңы ачылып жаткан сейил багына көчөттөрдү отургузуп, шаардын жашылдандыруу жана көрктөндүрүсүнө салым кошушту. Ошондой эле Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын имаратынын айланасын таштандылардан тазалап, куураган чөптөрдөн жана кургап калган бадалдардан арылтып, иретке келтиришти.


Ушундай эле ишембилик Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгында да өттү.


Кызматкерлер Сот департаментине бөлүнгөн жерди жана административдик имараттын айланасын таштандылардан тазалашты.


Аталган иш чаралар  облустук башкармалыктардын административдик имараттарынын санитардык абалын жакшыртуу жана калктуу конуштарды көрктөндүрүү максатында уюштурулду.