Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгынын кызматкерлери 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Э. Ибраев атындагы Нарын райондук китепканасынын кызматкерлери менен биргеликте иш чара өткөрүштү.
Иш-чаранын максаты болуп мамлекеттик тилди өнүктүрүү, мамлекеттик кызматчылардын тил маданиятынын сабаттуулугун жогорлатуу болуп саналат.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата жарыяланган төрт айлыктын алкагында, 10-13-сентябрь күндөрү Нарын облусунун жергиликтүү сотторунун жана Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгынын кызматкерлери «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси тарабынан өткөрүлүп жаткан тестирлөөгө катышып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныкташты.
Аталган күндөрү жалпысынан 120 дан ашык кызматчылар тестти ийгиликтүү тапшырышты.