KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышышты

14 сентября 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин борбордук аппаратынын жамааты бөлүнүп берилген жер тилкесинде ишембилик өткөрүштү.


Сот департаментинин кызматкерлери Бишкек шаарынын Ленин районунун А.Чортеков көчөсүнүн аймагын, Д. Куюков көчөсүнөн Камбар-Ата көчөсүнө чейин тазалашып, таштандылардан жана куураган чөптөрдөн арылтып, ирээтке келтиришти. Аталган аймак Сот департаментине Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан тазалоо үчүн бекитилген.


Белгилей кетсек, күз мезгилинде ар аптанын соңунда имараттын аймагын жана бөлүнүп берилген жер тилкесин тазалоо боюнча ишембиликтер улантылмакчы.