KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментине видеоконференцсистеманын жабдуулары тапшырылды

03 апреля 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин имаратында видеоконференцбайланыш жүргүзүүчү жабдууларды тапшыруу аземи болуп өттү.


Жабдуулар Кыргыз Республикасындагы «Ист-Вест Менеджмент Институту» филиалы тарабынан 490 миң сомго жакын суммага сатылып алынып, берилди. Аталган жабдуу аркылуу видеоконференцбайланыш режиминде Судьялар кеңешинин отурумдарын жана презентацияларды өткөрүү пландаштырылууда.


Тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Кыдык Джунушпаев, «Ист-Вест Менеджмент Институту» филиалынын директору Уильям Альфред Хьюстон мырза, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев, Сот департаментине караштуу «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин директору Рустам Шабыев, «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин директорунун орун басары Григорий Мамыкин жана «Ист-Вест Менеджмент Институту» филиалынын өкүлдөрү катышышты.


Белгилей кетсек, аталган демөөрчүлүк колдоо Судьялар кеңешинин материалдык-техникалык жактан камсыздалышын жакшыртуу боюнча 2023-2026-жылдарга «Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруунун алкагында көрсөтүлдү.