KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Нарын облусунун сот аткаруучулары айып пулдарды өндүрүү боюнча рейд өткөрүштү

10 октября 2024

2024-жылдын 1- 8-октябрына чейин  Нарын облусунун сот аткаруучулары жана Жол коопсуздугун башкаруу башкармалыгынын кызматкерлери биргелешип, Жол коопсуздугун башкаруу башкармалыгынан жана «Коопсуз шаар» мониторинг борборунан келген аткаруу документтери боюнча мыйзам бузуулар үчүн айып пулдарды өндүрүү максатында рейд уюштурушту.


Рейддин натыйжасында карыздуу адамдардан төлөнбөгөн айып пулдар өндүрүлүп, издөөгө алынган унаалар айып пул токтоочу жайга коюлду.


Ошондой эле, айдоочуларга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар Кодексинин негизинде салынган айыппулдарды убагында төлөөнүн зарылдыгы жана алардын төлөнбөгөн учурда Кыргыз Республикасынын «Сот аткаруучулардын статусу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө» мыйзамына ылайык кабыл алынуучу чаралар тууралуу профилактикалык сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.