KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Бишкек шаарынын сот приставдары, Чүй райондук жана Токмок шаардык сотторунун кызматкерлери ишембиликке чыгышты

13 апреля 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарынын сот приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн жалпы жамааты ишембиликке чыгышты. Сот приставдары Бишкек шаарынын А.Чортеков көчөсүнүн аймагын, Д. Куюков көчөсүнөн Камбар-Ата көчөсүнө чейин тазалашып, таштандылардан жана куураган чөптөрдөн арылтып, ирээтке келтиришти.


Аталган аймак Сот департаментине Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан тазалоо үчүн бекитилген.


Ушундай эле ишембиликтер Чүй райондук жана Токмок шаардык сотторунда өткөрүлүп, ага сот аткаруучулар, сот приставдары жана аталган соттордун аппарат кызматкерлери катышышты. Кызматкерлер иш бөлмөлөрүндө жана кызматтык жайларда тазалоо иштерин жүргүзүштү. Соттордун имаратынын тегерек-чети иретке келтирип, таштандылардан тазаланды. Бак-дарактар, тосмолор жана бордюрлар акталды. Ошондой эле бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду.


Белгилей кетсек, ар аптанын соңунда имараттардын айланасын жана бөлүнүп берилген аймактарды тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча ишембиликтер улантылмакчы.