Бүгүн, 2024-жылдын 4-апрелинде Баткен облусунун Лейлек жана Кадамжай райондук Сот приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн жаңы дайындалган сот приставдары ант беришти.
Ант берүү аземине Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы Кубатбек Маликов катышты.
Кубатбек Маликов сот приставдарын куттуктап, кызматындагы бийик жетишкендиктерди каалап, жүктөлгөн милдеттерди ак ниет аткарууга чакырды.