KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Талас облусунун Талас шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмү кыймылсыз мүлккө аукцион жарыялайт

26 апреля 2024

Талас облусунун Талас шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмү тарабынын карызкор «Талас-Дан-Азык» ачык акционердик коомуна таандык Талас шаарынын Ч. Айтматов көчөсү №509 дарегинде (идентификациалык коду: №6-05-06-0016-0574) кире бериштин оң жагында, «Беш-Таш» суусунун жээгинде, түштүк-батыш тарабында жайгашкан имараты, аянты 518.54 чарчы метр болгон жер тилкеси менен бирге ачык соода-сатыкка (тоорукка) коюлат.


Кыймылсыз мүлктүн баштапкы баасы 2 601 185 (эки миллион алты жүз миң бир жүз сексен беш) сомду түзөт.


Ачык аукцион 2024-жылдын 29-майында саат 11-00 до Талас шаардык САКБ жайгашкан даректе жүргүзүлөт. Дареги: Талас шаары, Ч. Айтматов көчөсү, №285.


Ачык аукционго катышууну каалоочулар турак-жайдын баштапкы баасынын 5%ын ачык аукцион болгонго чейин Талас шаардык САКБнын депозиттик эсебине төлөөгө тийиш.


Депозиттик эсеп: №4406042100000289, РСК Банк-Талас филиалы. БИК:440001 толоо коду №14511900.


Аукциондон утуп алган адамдын төккөн кепилдик суммасы сатып алуу баасына кошулат. Аукциондон жеңилген катышуучулардын алдын ала төлөнгөн шерт суммалары аукцион аяктагандан кийин кайтарылып берилет.


Аукциондон уткан адам жети күндүн ичинде аукциондун алдында төккөн сумманы кошо эсептөө менен мүлктүн сатып алынган суммасын толугу менен төлөп берүүгө милдеттүү.


Сурап билүү үчүн Талас шаардык САКБга кайрылсаңыздар болот. Дарегибиз: Талас шаары, Ч. Айтматов көчөсү, №285.


Соода-сатыкты өткөрүүчү сот аткаруучу Сейиткулов Н.Н.


Сурап билуу телефону: (03422) 5 65 66, уюлдук тел.: 0998 655685.