KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Каракол шаарында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Координациялык кеңешменин кезектеги отуруму өткөрүлдү

02 июля 2024

Каракол шаарында 2024-жылдын 28-июнунда Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан уюштурулган Ысык-Көл облусунун укук коргоо жана башка мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Координациялык кеңешменин кезектеги отуруму өткөрүлдү.


Иш чарага Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын Сот аткаруучулардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Бекзат Асанбеков жана жергиликтүү Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук сот аткаруучулары катышышты.


Кеңешмеде 2023-2024-жылдардын 1-кварталына карата Ысык-Көл облусунун аймагындагы жергиликтүү Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучулары тарабынан кылмыш иштер жана алименттерди өндүрүү боюнча соттук чечимдерди аткаруудагы мыйзамдардын сакталышы боюнча маселелер талкууланды.


Отурумдун жыйынтыгында Бекзат Асанбеков облустун сот аткаруучуларынын өндүрүшүндөгү алимент өндүрүү боюнча аткаруу өндүрүштөрүнүн толук жана натыйжалуу аткарылышын камсыздоо керектигин белгилеп, мыйзамадардын талаптарын бекем сактоого чакырды.