KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Караколдо сот аткаруучулар жана сот приставдары үчүн семинар улантылды

05 декабря 2022

2022-жылдын 02-декабрында Ысык-Көл  облусунун Административдик сотунун конференц-залында  облустун сот аткаруучулары жана сот приставдары үчүн иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча семинар болуп өттү.


Семинарда Сот департаментинин директорунун орун басары Джылдыз Рыскулова, Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы Жолдош Асаналиев жана Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков сөз сүйлөп, демилгеленип жаткан иш-чаранын актуалдуулугун белгилеп, аталган окутуу  сот аткаруучулар жана сот приставдардын ишин андан ары жакшыртууга, тагыраак айтканда санариптештирилген базада учур талап кылгандай иш алып барууларына көмөгүн  тийгизээрин  баса белгилешти.


Ысык-Көл облустук прокуратурасынын өкүлдөрү Нурзат Эгембердиев жана Эмил Мамыров тарабынан укук бузуунун бирдиктүү реестрине административдик протоколдорду каттоо тартиби түшүндүрүлдү.


Ал эми сот приставдарына сот отурумдарындагы ички тартипти көзөмөлдөө, соттор менен өз ара аракеттенүү жаатында түшүндүрүү иштерни Нарын облустук сотунун судьясы Бекмухаммет Мусурманкулов видео конференц байланышы аркылуу жүргүздү.


Тренингдин жүрүшүндө сот аткаруучулар жана сот приставдары алардын иш процессинде келип чыккан суроолорду беришти жана баяндамачылардан кеңири жоопторду ала алышты.


Соңунда  Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы Джылдыз Рыскулова Каракол шаарында жайгашкан болочок Адилет үйүндөгү сот приставдар кызматынын Ысык-Көл аймактык бөлүмүнүн кызматтык бөлмөлөрүндө жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.