KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Чүй облусунун жергиликтүү сотторунда автоматташтырылган маалымат тутумдар ийгиликтүү иштеп жатат

06 июля 2022

Бул тууралуу бүгүн, 2022-жылдын 6-июлунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун Чүй облусуна болгон иш сапарында маалымдалды.


Төраганы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Рустам Шабыев коштоп барышты.


Иш сапардын катышуучулары Чүй облусунун Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук райондук сотторунун, ошондой эле, Чүй облусунун Административдик соту жана Чүй облустук сотунун жамааттары менен жолугушушту. Ошону менен бирге, кызматкерлердин эмгек шарттары, имараттардын учурдагы абалы жана соттордун материалдык-техникалык камсыздоосу менен таанышышты.


Жолугушуулар учурунда жогоруда көрсөтүлгөн бардык соттордо сот отурумдарынын жүрүшүн аудио — жана видеофиксациялоонун, соттун автоматташтырылган маалыматтык тутумунун (АМТ), АМТ аткаруу өндүрүшүнүн жана иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү системасынын ийгиликтүү иштеши көрсөтүлдү.


Белгилей кетсек, соттордун автоматташтырылган маалыматтык тутуму сот тутумунун процесстеринин ачык-айкындуулугун жогорулатуу аркылуу соттордун ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жакшыртуу максатында иштелип чыккан.