KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгында алимент өндүрүүдөгү көйгөйлөр талкууланды

25 апреля 2024

2024-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгынын демилгеси менен “Алимент өндүрүүдөгү көйгөйлөр” темасында тегерек стол өткөрүлдү.


Иш чарага Нарын облустук прокуратурасынын, Нарын облустук юстиция башкармалыгынын, Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын, Нарын райондор аралык эмгек жана социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдардын укугун коргоо бөлүмүнүн, Нарын казыятынын өкүлдөрү жана облустун сот аткаруучулары катышышты.


Жыйында алименттик өндүрүштөр боюнча укуктук көйгөйлөр, алимент өндүрүүдөгү мамлекеттик органдардын колдоосу, карызкорлор издөөдө турган мезгилде жашка толо элек балдарга жөлөк пул төлөп берүү, алименттик иштер боюнча карызкорлорго карата колдонулган жазалардын аткарылышы, дин кызматкерлеринин калкка алименттик карыздарды төлөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө көмөктөшүү туурасында талкуу болду.


Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 178-беренеси боюнча карызкорлорду жоопкерчиликке тартуу боюнча Нарын облусу боюнча жалпы 44 сунуш жиберилип, анын ичинен 13 сунуш боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартыллгандыгы, 9 сунуш боюнча жаза чарасы колдонулгандыгы жана 22 сунуш боюнча тергөө амалдары жүргузүлүп келгендиги белгиленип, жиберилген сунуштар боюнча прокуратура тарабынан көзөмөлгө алынуусу керектиги белгиленди.


Жолугушуунун  жыйынтыгында жогоруда аталган мамлекеттик органдар менен тыгыз иш жүргүзүү жана кызматташууну бекемдөө макулдашылды.