KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинде студенттер үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

26 апреля 2024

2024-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтунун юридикалык факультетинин 3-курсунун студенттери үчүн Сот департаментинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата ачык эшиктер күнү өткөрүлдү.


Жолугушууда Сот департаментинин директорунун орун басары Кубат Черикчиев, Сот приставдар кызматынын ишин уюштуруу жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Жылдызбек Кудаяров, Сот департаментинин борбордук аппаратынын бөлүм башчылары жана кызматкерлери Сот департаментинин түзүлүшү, тарыхы жана миссиясы, сот аткаруучулардын жана сот приставдарынын ишмердүүлүгү, алардын укуктары жана милдеттери, ошондой эле сот тутумун санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.


Иш чаранын алкагында Сот департаментинин имаратында экскурсия уюштурулуп, меймандарга сот органынын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берилип, студенттер аларды кызыктырган ар түрдүү суроолорго жоопторду алышты.


Ошондой эле викторина өткөрүлүп, эң активдүү студенттерге белек катары кодекстер тапшырылды.


Иш чаранын соңунда Сот департаментинин директорунун орун басары Кубат Черикчиев жана ведомствонун кызматкерлери студенттерге жигердүү катышканы, кызыгуусу жана аракети үчүн ыраазычылык билдиришип, окууларына ийгиликтерди каалашты.