Бүгүн, 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинде иш чара өткөрүлдү. Иш чарага Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев жана мекеменин кызматкерлери катышышты.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар кыргыз тилинин өзгөчөлүгүнө, анын бүгүнкү күндөгү орду, ал-абалына токтолуп, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча ой пикирлери менен бөлүшүштү.
Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев кызматкерлерди өз эне тилин сактоого жана өнүктүрүүгө чакырып, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү керектигин белгиледи.
Иш чара суроо-жооп форматында уланып, натыйжада катышуучулар арасында маалымат алмашуу орун алды.
Сот департаментинин маалыматтык саясат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Назира Сагыналиева кесиптештерди мамлекеттик тилди сыйлоого, аны баалоого жана байытууга, өз эне тилинде эркин сүйлөөгө чакырып, билимдерин тереңдетүү боюнча сунуштарын берди.
Иш чара Сот департаментинин маалыматтык саясат жана коомчулук менен байланыш бөлүмү тарабынан уюштурулду.