KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинде Юристтер күнүнө карата сыйлыктарды салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү

05 июля 2024

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинде Юристтер күнүнө карата ведомствонун сыйлыктарын салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү.


Кесиптик жетишкендиктери жана жүктөлгөн милдеттерди ак ниет аткаргандыгы үчүн Сот департаментинин борбордук аппаратынын бир катар кызматкерлери,   Бишкек шаарынын сот аткаруучулары жана сот приставдары Сот департаментинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйланышты.


Сот департаментинин директору  Урмат Кожомбердиев сыйлыктарды тапшырып, кесиптештерин майрамы менен куттуктап, ийгиликтерди кааларын билдирди. Ошону менен бирге КР «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» мыйзамын бекем сактоо менен ишмердүүлүктү так жүргүзүүгө чакырып, мыйзамда көрсөтүлгөн кызматтык милдеттерди так аткаруу керектигин белгиледи.