KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Талас облусундагы райондук соттордун имараттары жакшы абалда

01 июля 2022

Түштөн кийин иш сапардын катышуучулары Талас, Манас, Кара-Буура жана Бакай-Ата райондук сотторунун жамааттары менен жолугушуп, имараттарынын абалдары, материалдык-техникалык камсыздоосу менен таанышышты.


Аталган райондук соттор Бакай-Ата райондук соттон башкасы эки кабаттуу имараттарда жайгашкан. Имараттардын кызматтык жайлары, сот отурумунун залдары жана иш бөлмөлөрү жетиштүү. Соттор заманбап жабдуулар, эмеректер жана керектүү техникалар менен жабдылган.


«Сот» автоматташтырылган маалыматтык тутуму, сот отурумдарын аудио-видео фиксациялоо ийгиликтүү колдонулуп келет.


Ошондой эле, Манас райондук сотунун балансында үч кызматтык батир бар экендиги,

анда башка облустардан ротацияланган судьялар жайгаштырылганы белгилүү болду.


Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков делегация менен бирге Талас облусуна  болгон иш сапарынын алкагында ротацияланган судьялардын  иштөө жана  жашоо   шарттары, имараттардын  абалдары менен таанышуу үчүн келген.