KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук Сот аткаруучулар кызматтык бөлүмү күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлккө экинчи ирет ачык аукцион жарыялайт

15 апреля 2024

Базар-Коргон райондук САКБу, күрөөгө коюлган төмөндөгү мүлктү экинчи жолку ачык аукцион аркылуу сатуу жөнүндө жарыялайт:



  • Жеке менчик укугуна ээ Орунбаева Назгул Аскарбековнага таандык, батир, жалпы жер аянты 56,22 кв. м., пайдалуу аянты 56,22 кв. м., жашоо аянты 27,40 кв. м., тейлөө аймагы 28,82 кв. м. жайгашкан жери: Базар-Коргон району, Базар-Коргон шаары, Бегимкулов көчөсү № 3 үй № 24 батир, идентификациондук коду № 3-02-02-0002-1011-03-024.


Баштапкы баасы – 700 000 (жети жүз миң) сом.


Сатуу, Базар-Коргон САКБдо (имаратында) 2024-жылдын 16 май күнү саат 11-00до уюштурулат. Ачык аукционго катышууга каалоочулар баштапкы баанын 5% өлчөмүнө гараниялык төлөмдү, сатуу уюштурулган датага жок дегенде бир күн мурун, Базар-Коргон райондук САКБнун төмөнкү депозиттик эсебине: «РСК» Банк ААКу, б/эсеп. 4408032100000108, ОКПО 21449997, ИНН 00501199510013, БИК 440001, төлөө коду 14511900, төлөм жүргүзүүсү зарыл.


Ачык аукциондо эң жогорку бааны сунуш кылган катышуучу, сатып алуучу деп таанынат.


Сатып алган катышуучу, сатык уюштурулган күндөн 7 (жети) күндүн ичинде, сатып алган нарктын калган суммасын, сатуу уюштурулганга чейинки төлөнгөн суммасын кемитип, төлөм жүргүзүүгө милдеттүү.


Суроолор боюнча, Базар-Коргон райондук САКБно же томонку телефон аркылуу кайрылсаныздар болот (03736) 5-00-79.