KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмү кыймылсыз мүлккө аукцион жарыялайт

26 апреля 2024

Сузак райондук сот аткаруучулар кызматынын бөлүмү тарабынан, Кожоев Маматкадыр Ташиевичке таандык болгон Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын Жаштык 1 көчөсүндөгү, жалпы пайдалуу аянты 183,0 м2, жашоо аянты 138,7 м2, жалпы жер аянты 1316,7 кв.м., идентификациялык коду 3-05-12-1007-0354 сыр белгиси бар турак-жайы биринчи жолу ачык соода-сатыкка (тоорукка) коюлат.


 


Турак-жайдын баштапкы (старттык) баасы  700 000 (жети жүз миң) сом.


 


Ачык соода-сатык (тоорук) «31» май 2024-жылы саат 14:00 дө мүлк жайгашкан даректе  жүргүзүлөт.


 


Аукционго катышууну каалаган адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:


1) катышууга арыз берүүгө жана аукционго алардын катышуусуна тоскоолдуктар


жогу жөнүндө тил кат берүүгө;


2) мүлктүн баштапкы наркынын 5 пайызы өлчөмүндө сот аткаруучулардын


аймактык бөлүмүнүн депозиттик эсебине шертпул төөлөгө.


Сот аткаруучунун аукционго катышууга арыздарды кабыл алуусу аукцион башталганга чейин бир күн мурда бүтөт.


Аукционду утуп алган адам төлөгөн шертпул сатып алуу баасынын эсебине чегерилет. Тооруктардын калган катышуучулары төлөгөн шертпул тооруктар аяктагандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде кайтарылып берилет.


Сатып алуучу протоколго кол коюлгандан кийин жети күндөн кечиктирбестен аукциондун башталышынын алдында төгүлгөн шертпулдун суммасын кошуу менен мүлктүн сатып алынган наркын толук төлөөгө милдеттүү.


Сатып алуучу протоколго кол коюудан качканда же андан алынуучу бардык сумманы белгиленген мөөнөттө төлөбөгөндө шертпулдун суммасы ага кайтарылып берилбейт жана аткаруу өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча атайын эсепке келип түшөт. Эгерде аукциондун жеңүүчүсү аукционго катышууга укуктуу эмес экени белгиленген учурда шертпул аткаруу өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча атайын эсепке  келип түшөт.


Өндүрүп алуучу жана карызкор тооруктарды өткөрүү жөнүндө кошумча кабарларды башка жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернеттин                                    маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында өздөрүнүн эсебинен жарыялоого укуктуу.


Сузак райондук сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн  депозиттик эсеби  “РСК Банк” аркылуу ИНН:00501199510013 БИК:440001, төлөм коду:14511900 э/счет 4408082100000125.


 


Байланыш тел: 0553 07-12-09.