KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун  сот аткаруучулар кызматынын  бөлүмү кыймылсыз мүлккө аукцион жарыялайт

15 апреля 2024

Сузак районунун САКБү тарабынын Жалал-Абад областынын Сузак райондук сотунун 28.09.2023-жылдын ГД-1352/23-Д8 сандуу өндүрүп алуучу “Финка Банк” ЖАКнун пайдасына карызкорлор Тиллаев Бахтияр Ахматовичтен жана Кадыров Азаматжон Кадыровичтен жана Сагынбаева Кимсанхандан кредиттик карызы жалпы 333 360 (үч жүз отуз үч миң үч жүз алтымыш) сомду өндүрүү Сагынбаева Кимсанханга таандык болгон Жалал-Абад облусунун Сузак району Сузак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Дыйкан айылынын 3-көчө көчөсүүн №8-үйүнө №3-05-11-1005-0291 сыр белгиси менен катталган турак-жайына экинчи жолу ачык аукцион жарыялайт.


Турак-жайдын баштапкы баасы 600 000  (алты жүз миң) сом, ачык аукцион 2024-жылдын 17 май саат 15:00дө мүлк жайгашкан даректе жүргүзүлөт.


Ачык аукционго катышууну каалоочулар турак-жайынын баштапкы баасынын 5% ачык аукцион  болгонго чейин Сузак райондук САКБнын депозиттик эсебине  (БИК 440001,  эсеби  № 4408082100000125 төлөө коду 14511900) шертпул төлөөгө тийиш. Аукциондон утуп алган адамдын төккөн кепилдик суммасы сатып алынган турак-жайынын баасына кошулуп эсептелинет. Аукциондон жеңилген катышуучулардын алдын ала төлөнгөн шерт суммалары  аукцион аяктагандан кийин өздөрүнө кайтарылып берилет.


Аукциондон уткан адам 7 (жети) күндүн ичинде аукциондун алдында төккөн сумманы кошуп эсептөө менен турак-жайынын сатып алынган суммасын толугу менен төлөп берүүгө милдеттүү.


Байланыш телефону: (03748) 5-01-34.