KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Жалал-Абад шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмү кыймылсыз мүлккө ачык соода-сатык жарыялайт

15 апреля 2021

Жалал-Абад шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмү кыймылсыз мүлккө ачык соода-сатык жарыялайт.


Жалал-Абад шаардык сотунун 25.01.2021-жылдагы аткаруу баракчасынын негизинде күрөөгө коюлган Абдуллаев Осконбек Оморбековичке таандык идентификациялык код №3-10-01-0018-5907, Жалал-Абад шаары, Спутник кичи шаарчасы Проектируемая көчөсү кв. №152а участок №4. жалпы пайдалануу аянты 186,7 кв.м., жашоо аянты 142,6 кв.м., жер участогунун аянты 600,0 кв.м. болгон турак-жай, ачык аукционго коюлат.


Күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктүн баштапкы баасы 3 443 200 (үч миллион төрт жүз кырк үч миң эки жүз) сом наркта.


Сатык 2021-жылдын 11-май күнүнө саат 10:00го мүлк жайгашкан жеринде өткөрүлөт.


Аукционго катышууну каалаган адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:


1) Катышууга арыз берүүгө жана аукционго алардын катышуусуна тоскоолдуктар жогу жөнүндө тил кат берүүгө; 2) Мүлктүн баштапкы наркынын 5 пайызы өлчөмүндө Жалал-Абад шаардык сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн депозиттик эсебине шертпул төлөөгө.


Сот аткаруучунун аукционго катышууга арыздарды кабыл алуусу аукцион башталганга чейин бир күн мурда бүтөт.


Аукционду утуп алган адам төлөгөн шертпул сатып алуу баасынын эсебине чегерилет. Тооруктардын калган катышуучулары төлөгөн шертпул тооруктар аяктагандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде кайтарылып берилет.


Сатып алуучу протоколго кол коюлган күндөн кийин жети күндөн кечиктирбестен аукциондон башталышынын алдында төгүлгөн шертпулдун суммасын эсепке алуу менен мүлктү сатып алынган наркын толук төлөөгө милдеттуу.


Сурап билүү үчүн Жалал-Абад шаардык САКБно (дареги Жалал-Абад шаары, Абдрахманов көчөсү №9) кайрылсаңыздар болот. Байланыш тел.( 03722) 5-65-71.


Торуктарды уюштуруучу Жалал-Абад шаардык САКБнүн сот аткаруучусу Сатиев А.С.