Жалал-Абад облусунун Сот адилеттик үйүнүн кызматкерлеринин арасында кичи футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Турнир Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Каныбек Токтосун уулунун демилгеси боюнча Сузак райондук Сот аткаруучулар кызмат бөлүмү тарабынан уюштурулду.
Мелдеште жалпысынан 6 команда ат салышты.
Жыйынтыгында биринчи орунду Жалал-Абад облустук сотунун командасы багындырып, экинчи орунду Жалал-Абад облусунун Административдик сотунун командасына ээледи, үчүнчү орун Жалал-Абад шаардык сотунун командасына ыйгарылды.
Ал эми төртүнчү орун Жалал-Абад аймактык Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн командасына, бешинчи орун Сузак райондук САКБнын командасына жана алтынчы орун Жалал-Абад шаардык САКБнын командасына берилди.
Жеңүүчүлөргө кубок, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.