KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмү кыймылсыз мүлккө аукцион жарыялайт

20 мая 2024

Ош облусунун Ноокат райондук соту тарабынан берилген 01.11.2022-жылдагы № ГД-970/22-05 сандуу аткаруу барагынын негизинде карызкор Ноокат району Н. Исанов айыл өкмөтү Күнгөй-Кожоке айылынын тургуну 03.03.1983-жылы туулган Каныбек кызы Айзаттан өндүрүп алуучу «Финка Банк» ЖАК Ноокат филиалынын пайдасына 716 535 (жети  жүз он алты мин беш жүз отуз беш) сом 85 тыйын, анын ичинен  негизги карыз 502 730 (беш жүз эки миң жети жуз отуз) сом 23 тыйын, пайыздары боюнча карызы – 186 683 (бир жүз сексен алты миң алты жүз сексен үч) сом 62 тыйын, күрөөдөн келип чыккан чыгымы 1 186 (бир миң бир  жүз сексен алты) сом жана мамлекеттик алым үчүн алдын ала төлөнгөн  25 936 (жыйырма беш миң тогуз жүз отуз алты) сом өндүрүлгөн. Өндүрүү карызкор Ноокат району Н. Исанов айыл өкмөтү Жаны-Базар айылы Тороев көчөсүнүн № 1 үйүнүн тургуну 17.11.1953-жылы туулган Паязов Каныбекке тиешелүү күрөөгө коюлган Ош облусунун Ноокат районунун Н. Исанов айыл өкмөтүнүн Күнгөй-Кожоке айылында жайгашкан иден. коду 5-05-10-1004-0309 сандуу болгон жер тилкесине бурулган мүлктүн баштапкы баасы 2 531 850 (эки миллион беш жүз отуз бир миң сегиз жүз элүү) сом наркта биринчи ирет эл алдында ачык соода сатыкка коюлат.


Аукцион 2024-жылдын 25-июнунда саат 15:00до мүлк жайгашкан Ноокат районунун Н. Исанов айыл өкмөтү Күнгөй-Кожоке айылында өткөрүлөт.


Сатыкка катышууну каалагандар мүлктүн баштапкы баасынан 5% өлчөмдө алдын ала төлөө менен калган сумманы 7 кундук мөөнөт ичинде төлөп берүүсү керек.


Пайыз төлөнүүчү депозиттик эсепти Ноокат райондук САКБнөн алып, сурап билүү үчүн Ноокат райондук сотунун 1-кабатында Ноокат райондук САКБнүн № 9 кабинетине кайрылсаңыздар болот.


Байланыш телефондоу: 03230 5-00-04,  0551 77 56 57, 0556 76 86 88


Пайыз төлөнүүчү депозиттик эсеп:



  • Ноокат райондук САКБнун эсеби РСК Банк ААКнын Ноокат өкүлчүлүгү,

  • Р/счет 4407011102006291,

  • БИК 440001,

  • төлөө коду 14224900,

  • ИНН 00101199510034.