KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Жалал-Абад облусунун сот аткаруучуларынын 2024-жылдын 1-кварталындагы ишмердүүлүгү жыйынтыкталды

13 мая 2024

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгында Жалал-Абад облусунун сот аткаруучуларынын үстүбүзөгү жылдын 1-кварталындагы ишмердүүлүгүн жыйынтоочу кенешме өткөрүлдү.


Жыйында Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Алмазбек Токтосунов, облустук башкармалыктын кызматкерлери жана облустун жалпы сот аткаруучулары катышышты.


Кеңешмеде сот аткаруучулардын ишмердүүлүгүнүн сапатына баа берилди. Сот аткаруучулар тарабынан аткарылган аткаруу документтеринин негизги көрсөткүчтөрү, натыйжалары, соттук чечтмдердин жана башка мамлекеттик органдардын актыларын өз убагында аткаруу маселелери талкууланып, ишмердүүлүктөгү жетишкендиктери белгиленип, кемчиликтерди жоюу жолдору каралды.


Алмазбек Токтосунов сот аткаруучулардан аткаруу өндүрүштөрүнүн сапаттык көрсөткүчтөрүн жогорулатууну талап кылып, ар бир райондук жана шаардык САКБнын улук сот аткаруучуларына аткаруу документтеринин аткарылышынын деңгээлин жана сапатын көтөрүүнү, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жер-жерлерде сот аткаруучулар менен кеңешмелерди өткөрүүнү, кызматтык милдеттерди аткарууда ыйгарым укуктарынын чегинен чыкпоону, 500 миңден жогорку аткаруу өндүрүштөрүн жана алимент өндүрүү тууралуу аткаруу документтерин көзөмөлгө алууну, аткаруу жыйымдарын толук өндүрүүнү, мамлекеттик кызматкердин этикасын сактап, жарандарга сылык мамиле кылууну талап кылды.