KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун турак жайдан чыгаруу жөнүндө чечими мажбурлап аткарылды

20 мая 2024

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон  райондук САКБнын сот аткаруучусу тарабынан Базар-Коргон айылында жайгашкан турак үйдөн карызкорлор М.Н., М.А., Н. уулу М. жана  А. кызы Г. жашы жете элек үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге башка турак жай бербестен чыгаруу жөнүндө аткаруу барагы мажбурлап аткарылды.


Аталган аткаруу барагы Базар-Коргон  райондук сотунан 2023-жылдын 18-майында  келип түшкөн.


Сот аткаруучу тарабынан карызкорлорго ыктыярдуу аткаруу боюнча зарыл болгон бардык документтер өз убагында тапшырылган жана КР мыйзамдарына ылайык аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлгөн.


Бирок карызкорлор аткаруу документинин талаптарын өз ыктыяры менен аткарбагандыктан, 2024-жылдын 16-майында мажбур иретинде турак-жайдан чыгаруу дайындалып, бул тууралуу алар кабардар болушкан.


Жыйынтыгында белгиленген күнү аткаруу барагынын талаптары толугу менен аткарылып, күбөлөрдүн катышуусунда акт түзүлдү.