Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына карата Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Өчпөс отко гүл коюу аземи болуп өттү.
Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин сот приставдар кызматынын ишин уюштуруу жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Жылдызбек Кудаяров, мекеменин кызматкерлери жана Бишкек шаарынын сот приставдар кызматынын өздүк курамы катышышты.
Гүл коюу аземи Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жаркын элесин бир мүнөттүк эскерүү менен коштолду.