KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгы студенттер үчүн ачык эшик күнүн өткөрдү

11 мая 2024

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Караколдогу филиалынын студенттери үчүн Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата ачык эшиктер күнү өткөрүлдү.


Иш-чара имараттын экскурсиясы менен башталып, анда студенттер сот приставдарынын, сот аткаруучуларынын жана Сот департаментинин облустук башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен таанышышты.


Андан соң Ысык-Көл облусунун башкы сот приставы Актилек Рыскулов студенттерге сот приставдарынын ишмердүүлүгү менен кеңири тааныштырып, күн сайын аткарылып жаткан иштер жана иштин кызыктуу фактылары тууралуу айтып берди. Ошондой эле Мамлекеттик кызмат жана кадрдык камсыздоо бөлүмү менен бирге Сот департаментинин ишмердүүлүгү жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө чакан лекция, ошондой эле викторина жана конкурстук оюндар уюштурулду жыйынтыгы боюнча студенттер аларды кызыктырган суроолорун беришти жана кеңири жоопторду алышты.


Сот департаментинин кызматкерлери студенттерге окууларына ийгилик, жакшы кесиптин ээлери болушун каалашты.