KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

9-май майрамынын алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин облустук башкармалыктары Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерин Жеңиш майрамы менен куттукташты

08 мая 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 8-майында, 1941-1945-жылдардагы согуштун 79 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери, Чүй облусунун Сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн улук сот аткаруучулары жана Чүй облусунун Сот приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн улук сот приставдары Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерин Жеңиш майрамы менен куттукташты.


Сот департаментинин кызматкерлери майрам ээлерине көрсөткөн каармандыгы үчүн ыраазычылык билдиришип, ардагерлерге бекем ден соолук, узун өмүр каалап,  белектерди жана материалдык жардамдарды тапшырышты.


Өз кезегинде ардагерлер куттуктоолоруна терең ыраазычылык билдирип, баталарын беришти, ошондой эле бардык адамдарга тынчтык жана бакубатчылык каалашты.


Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгынын жамааты ардагер Сатылды Жапаровду куттуктап, бекем ден соолук жана узун өмүр каалашты. Коллективдин атынан акчалай жана баалуу белектер тапшырылды. Өз кезегинде ардагер көп улуттуу мамлекетибизге тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалап, батасын берди.