KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин айым кызматкерлерин Энелер күнү менен куттуктоо аземи болуп өттү

16 мая 2024

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинде 19-майда Кыргызстанда белгилене турган Энелер күнүнө арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү.


Сот департаментинин директорунун орун басары Кубат Черикчиев бардык кызматкер энелерди майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалап, аларга гүл жана открыткаларды тапшырды.


Белгилей кетсек, Сот департаментинде жалпысынан 120дан ашык кызматкер эмгектенет, алардын ичинен 35 кызматкер — энелер.


Аталган иш чара Сот департаментинин эл аралык кызматташтык жана гендердик саясат бөлүмү тарабынан уюштурулду.


Эскерте кетсек, бул жаркын майрам Президенттин Жарлыгы менен 2012-жылы эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен Кыргызстанда энелердин статусун жана ролун, үй-бүлөнүн абалын жогорулатууга коомчулуктун жана мамлекеттин көңүлүн буруу максатында уюштурулган.